​Эвакуациялангандар үйлөрүнө жөнөтүлдү

  • 3 года мурун

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан аргасыз үйлөрүн таштай качып, коопсуз жайда баш калаклап жаткандар үйлөрүнө кайта баштады.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда облустагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн облустук штабдын чечимине ылайык, бүгүн 9-майда, эвакуацияланган жарандарга транспорттор уюштурулуп,үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Баткен шаарында 9 пунктта жайгашып турган Баткен районунун жарандары менен Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугуп, чек ара аймактарында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулуп даярдалганын билдирди.

Учурда аймакта калыбына келтирүү жумуштары башталган, биринчи кезекте жарандарды турак жай менен камсыздоо аракеттери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек 28-29-апрелде болгон чек арадагы окуядан, облуста акыркы такталган маалыматтар боюнча 40 649 адам көчүрүлгөн болсо, анын 16147 аялдар, 23931 балдар.

Фото Баткен обладмнистрациясынын маалымат кызматынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты