Жогорку Кеңеш Баткендеги чек ара жаңжалын талкуулайт

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңеш бүгүн, 6-майда түштөн кийин чек ара жаңжалын талкууланйт. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган жетекчилер чакырылды.


Парламентте президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү ушул тушта Баткенде жүргөндүктөн маселени эмки жумада кароо бирок ал колдоо тапкан жок.

Кыргыз-тажик жаңжалы 28-апрель күнү Тажикстандын жарандары Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл камераларын орното баштагандан тутанган. 28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда набыт болгон кыргызстандыктардын расмий саны 36га жетип, 189 киши жаракат алды.

Тажикстанда 20 киши көз жумганын, 90дой киши жарадар экенин «Азаттыктын» тажик кызматы кабарлаган.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты