АСКАР БЕШИМОВ: “Чек ара маселесин күч менен чечүүгө болбой турганын көрсөтүшүбүз керек” (ВИДЕО)

5-майда «ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүндө тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, Кыргыз Республикасынын элчиси Аскар Бешимов кыргыз-тажик чек арасындагы чатак тууралуу ой-пикирин ортого салды.


— Кыргызстандын башкы прокуратурасы кыргыз-тажик чек ара маселесиндеги Тажикстандын жүрүшүн аскердик агрессия деп баа берди. Бирок биз аны так айтышыбыз керек: Бул козголгон бир иштин алкагында гана, ошого түшүндүрмө. Бул — мамлекеттин расмий позициясы эмес.

Мамлекеттин позициясын эл аралык коомчулукка жеткириш үчүн бийликтин бутактары бар, бул — өкмөт, парламент, эл шайлаган Президент. Эгер биз мамлекеттик чек арада болуп өткөн окуяга баа, аныктама беришибиз керек болсо, анда мамлекет бутактары бериш керек.

Биздин позицияга жараша жолугушуу болот. Менин сунушум, бул дүйнө жүзүндөгү дипломатиялык ыкма, биринчиде окуя болгон чек арада эки Президент жолугушсун. Элге дем-күч берип, бул окуя экинчи кайталанбайт, чара көрөбүз, ушуга кепилдик беребиз дегени туура. Менин оюмча, буга тажик тарап макул болбойт. Эмне дегенде басымдуулук кылып, душмандык эле акция жасагандан кийин чек арага алар барышпайт.

Ошондо экинчи кадам- чек арада жолугушууга макул болбосоңор, анда ортомчуларды ортого салыш керек, ортомчулар аркылуу сүйлөшөлү деген туура болот.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты