Артем Новиков Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды
- 3 года мурун
Артем Эдуардович Новиков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Жарлык 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде чыгарылды.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына кол койду.
Муну бөлүшүү