COVID-19: 70 киши өтө оор абалда. 7 бейтап каза тапты
- 3 года мурун
5-майдагы маалымат боюнча, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 397 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек – 210;
Ош – 5;
Чүй облусу – 130;
Ош облусу – 9;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 11;
Ысык-Көл облусу – 19;
Жалал-Абад облусу – 9;
Баткен облусу – 4.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 96 958ге жетти.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Стационарда дарыланууда – 1563 бейтап, алардын ичинен:
5 адам (0,3%) — канааттандыраарлык абалда;
1091 (69,8%) — орто оордукта;
397 (25,3%) — оор абалда;
70 (4,4%) — өтө оор абалда.
248 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 90 394 киши.
Бир сутка ичинде 7 бейтап каза тапты. COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1637-киши.