​НДПК шаардык кеңешке болгон шайлоодон биротоло четтетилди

  • 3 года мурун

2021-жылдын 11-апрелиндеги Бишкек шаардык кеңешине болгон шайлоодо 15 миңге жакын шаардыктардын добушун алып, 8 мандатка ээ болгон НДПК партиясынын ушул чакырылыштагы шаардык кеңешке барчу акыркы жолу жабылды.


Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясын шаардык кеңешке болгон шайлоодон четтетүү тууралуу Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин 4-май күнү Жогорку сот күчүндө калтырды.

Эске сала кетсек, 19-апрель күнү Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы НДПК партиясы «шайлоо күнү үгүт иштерин жүргүздү, добуш сатып алууга аракет кылды» деген жүйө менен шайлоодон чететтетүү тууралуу чечим кабыл алган. АШКнын бул чечимин 23 –апрель күнү БШК колдогон.

Партия өкүлдөрү буга да макул болбой сотко кайрылышкан. Административдик сот дагы, Жогорку сот дагы Бишкек жана Борбордук шайлоо комиссияларынын чечимин туура деген бүтүмгө келишти.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты