Жарылуу болсо коркпоңуз! Жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу жүрүүдө
- 3 года мурун
УКМКнын Чек ара кызматы тараткан маалымат боюнча 2021-жылдын 4-майына карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде
абал туруктуу.
Өткөн түнү чыр-чатактар жана ок атышуулар
катталган жок.
Ошондой эле УКМКнын Чек ара кызматы «Баткен облусунун Баткен районунун Актатыр
айыл башкармалыгынын Орто-Боз жергесинде 2021-жылдын 3-майынан баштап Кыргыз
Республикасынын Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган
снаряддарды зыянсыздандыруу ишин алып барууда.
Ошол себептүү кыргыз-тажик мамлекеттик чек
ара тилкесине канатташ жашаган Баткен облусунун тургундарынан жарылуунун үнүн
укканда дүрбөлөңгө түшпөңүздөр деп өтүнөбүз» — деп эскертти.
Чек ара кезметтери бардык кыргыз-тажик
мамлекеттик чек ара сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүдө.
Фото интернеттен алынды