​Текебаевди туура эмес соттогон Адис Момуналиев кайра сот болду

  • 3 года мурун

Сотторду тандоо кеңеши Президент Садыр Жапаровго кайрылып, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын айрым жергиликтүү сотторуна, жана Бишкек шаардык сотуна 13 талапкерди сунуш кылган.


Садыр Жапаров судьялыкка талапкердин үчөөсүн жаратпай, калгандары менен макул болду.

Кайра дайындалган судьялардын катарында бир катар чуулгандуу соттук иштерде аты аталган Адис Мамбеталиев да бар.

Ал «MegaCom» иши боюнча «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду үй мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга эркинен ажыратуу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 2017 – жылы Өмүрбек Текебаев ошол кездеги Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Адис Момуналиевге кылмыш ишин козгоо талабы менен Башкы прокуратурага кайрылган.

Мындан бир ай мурун Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун аракетинде кылмыштын белгилери жок экенин мойнуна алып, айыптоодон баш тартып, сот аларды толук актаган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты