​Жоголгон, өрттөлгөн документтерди Мамкаттоо кызматы бекер калыбына келтирет

  • 3 года мурун

Кыргыз – тажик чек ара чатагында мүлктөрү өрттөлгөн жарандардын паспорт, туулгандыгы, никелешкендиги тууралуу күбөлүктөр, үй, унаа ж.б. документтерин Мамлекеттик каттоо кызматы бекер калыбына келтирип берет.


Бул тууралуу 3 – май күнү медиа-штабда маалымат жыйын өткөргөн Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди.

“Бул максатта Мамкаттоо кызматы айылдарга мобилдик калкты тейлөө борборлорун уюштурат. Ал жактан жарандар паспорт, туулгандыгы, никелешкендиги тууралуу күбөлүктөр, үй, унаа ж.б. документтерин калыбына келтирүү боюнча бардык жардамды жеринде беришет. Бул процессти ошол жакта жүргөн орун басарым Залкарбек Карыбеков жана Калкты каттоо департаментинин директору Махабат Пратовакөзөмөлдөөдө” – деди Акын Мамбеталиев.

Фото медиа — штабдыкы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты