Эвакуациядагы кош бойлуу 3 айым 3 кыз,1 уулду жарык дүйнөгө алып келди
- 3 года мурун
3 — майда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова Баткен облусунда жабыр тарткандардын абалы боюнча Медиа-штабда маалымат жыйын өткөрдү.
Ализа Солтонбекова чек арага жакын айылдардан эвакуацияланган жарандардын арасындагы медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө турган 8 кош бойлуу айымдын бүгүнкү күндө үчөө көз жарганын билдирди.
Алар: Кызыл — Жол айылынын 1989-жылы туулган тургуну Ж.А. 2-майда көз жарып, эгиз наристелүү (кыз, бала) болду.
Кара — бак айылынын 1990-жылы туулган тургуну Г. Кызы К. 1-майда көз жарып, кыздуу болду.
Бужум айылынын 1993-жылы туулган тургуну Т.Д. 1-майда көз жарып, кыздуу болду. Эне жана балдардын абалы канааттандырарлык.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү