​Камчыбек Ташиев:«Талкаланган үйлөрдү калыбына келтирип бер»,-деп Тажикстандан суранбайбыз»

  • 3 года мурун

Тажик тарап кыйраган үйлөрдү калыбына келтирбейт. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 2 – майда Баткен облусунун Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

«Талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү өтүнүчү менен биз Тажикстанга кайрылбайбыз. Биздин күчүбүз жана мүмкүнчүлүктөрүбүз жетиштүү. Эгерде тажик тарап кайсы бир убакытта жасаган ишине өкүнүп, келтирилген зыяндарын толтуруп беребиз дешсе, анда биз муну карап чыгабыз. Бирок биз Тажикстанга жардам бер деп суранбайбыз. Бир аптанын ары жак, бери жагында үйлөрдү калыбына келтирип баштайбыз», — дейт УКМК башчысы.

2 – май күнү Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек журналисттерге маалымат жыйынында Тажикстан тарабынан Баткен облусунун Бактен жана Лейлек райондорунун айылдарындагы: 78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара тозоту, 10 май куюуучу станция, 8 дүкөн өрттөлүп, талкаланганын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты