Кыргыз-тажик чек чыры: Жабыркаган турак жай, имараттар

  • 3 года мурун

Бүгүн, 2-майда, КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарын эвакуациялоо жана гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча медиа-штабда маалымат жыйын өткөрдү. Ал 2 — майына карата кыргыз-тажик чек ара чатагынан жабыркаган турак жай, имараттардын санын айтты.

Урматбек Шамыркановдун айтымында жалпы облус боюнча:

78 турак үй, 2 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 3 чек ара тозоту, 10 май куюуучу станция, 8 дүкөн жабыр тарткан.
Баткен районунда алдын ала маалыматтар боюнча:
— 30 турак үй,
— 2 мектеп,
— 1 бала бакча,
— 1 ФАП,
— 1 Ички аскерлер имараты,
— Миң-Булак, Достук чек ара тозотторунун имараты жабыркаган.
Лейлек району боюнча:
— Максат айылында 11 турак үй.
— Максат чек ара тозоту.
— Сада айылында 3 турак үй.
— Раззаков участкасынын Папалин айылында 2 турак үй.
— Арка айылында 9 турак үй, 10 АЗС, 8 дүкөн.
— Достук айылында 12 турак үй.
— Борбордук айылында 11 турак үй жабыркаган.

Сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты