Кыргыз-тажик чек арасы: Өкмөттүк делегациялардын биргелешкен протоколуна кол коюлду

  • 3 года мурун

Баткен облусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү.


Кыргыз Республикасынын делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, Тажикстан Республикасынын делегациясы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган мындан аркы иш-аракеттер боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын делегацияларынын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу зарылдыгы жөнүндө толук өз ара түшүнүшүүнү билдиришти.

Мамлекеттик чек аранын калган тилкелеринде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүшүн андан ары сүрөттөөнү активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Өкмөттүк делегациялардын жолугушуусунун жыйынтыгында биргелешкен Протоколго кол коюлду.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, 29-апрелде да уланган. Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болуп, үйлөр жана имараттар өрттөлдү.

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан жарат алгандар-178 киши, каза тапкандардын саны 34 кишиге жетти.

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты