COVID-19: 308 учуру катталды. 7 киши каза тапты
- 3 года мурун
2-майдагы маалымат боюнча, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 308 учуру катталды.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бишкек – 203;
Ош – 6;
Чүй облусу – 62;
Ош облусу – 3;
Талас облусу – 5;
Нарын облусу – 9;
Ысык-Көл облусу – 18;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу – 0.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 96 060ка жетти.
258 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны — 89 719 киши.
Бир сутка ичинде 7 бейтап каза тапты. COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны- 1619.
Муну бөлүшүү