​Жарадар болушса да «Головнойду» 4 саат атышып, тажиктерден коргоп калган «Шердин» эрдиги айтылды

  • 3 года мурун

29 — апрель күнү Тажикстандын куралдуу күчтөрү Кыргызстанга киргенде, эң алгач «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына кол салышкан.


«Головнойду» ошол убакытта ИИМдин алдындагы атайын даярдыктагы «Шер» отрядынын жоокерлери коргоп жаткан.

Тажикстан тараптан ошол биринчи куралдуу кол салуусунда, «Шердин» 10 аскеринин 8и жарадар болгонуна карабай, Кыргызстандын негизги күчтөрү жардамга келгиче, стратегиялык жайды баатырларча коргошкон.

Эске сала кетсек, 29 — апрель күнү саат экилерде Тажикстандын куралдуу күчтөрү Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын көздөй чабуулга өтүп, минамёт, пулемёт, автоматтар менен жапырт аткылоону башташкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты