​Сания Токтогазиева:«Буйрук берген Тажикстан жетекчилери Эл аралык кылмыш сотунда жооп бериши мүмкүн»

  • 3 года мурун

Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева «Фейсбук» баракчасына Тажикстандын жогорку жетекчилиги жөнөкөй кыргыз жарандарына каршы курал колдонгон 29 — апрелдеги аракеттери үчүн Эл аралык кылмыш сотунда жоопкерчилик тартышы мүмкүн экенин жазды.


Англис тилинде жазылган постунда Сания Токтогазиева:

«Тийиштүү иликтөөлөр жүргүзүлсө, Тажикстандын кечээки куралдуу баскынчылыкка буйрук берген жетекчилери Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясынын алдында жооп бериши мүмкүн», — деген

Эл аралык кылмыш соту — биринчи эл аралык кылмыш юстиция органы. Бул орган геноцид, аскер кылмыштарын, адамзатка каршы жана агрессиялык кылмыштарды иликтейт.

Эл аралык кылмыш сотунун Рим статуту — Эл аралык кылмыш соту тарабынан негизделген келишим. Бул келишимге кол койгон мамлекеттер кылмыш соту тарабынан иликтениши мүмкүн.

Кечээ, 29 — апрелде саат экилер чамасында Тажикстандын куралдуу күчтөрү Баткен облусунун Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайын көздөй чабуулга өтүп, минамёт, пулемёт, автоматтар менен жапырт аткылоону башташкан.

Тажикстан «Ми-24» учагы менен Баткен районундагы Төрт-Көчө, Чыр-Дөбө жерлерине асмандан ок чыгарышкан.


Фото социалдык желеден алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты