Архивдик документ: ​“Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстанга таандык

  • 3 года мурун

“Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстанга таандык.

Сүрөттө аталган суу бөлүштүрүүчү жайдын архивдик документтери, паспорту берилген. Аталган суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргыз ССРинин Ош облсунун Баткен районунун аймагында 1970-жылы курулган, эксплуатацияга 1973-жылы берилген.

Совет мезгилиндеги архивдик документтерге ылайык, суу бөлүштүрүүчү жай (Исфара дарыясынын сугат тутумунун суу алуучу бөлүгү) 1970-жылы (1973-жылы пайдаланууга берилген) Ош облусунун Баткен районунун аймагында курулган. Кыргыз ССРинин мелиорация жана суу чарба министрлигинин буйрутмасы боюнча «Ошводострой» трестинин Баткен СМУсу тарабынан ишке ашырылган.

Долбоордун баасы 384,2 миң рубль. Ал «Подводящий» жана «Кайырма» каналдарынын суу агымын жөнгө салууга багытталган. «Подводящий» каналы аркылуу Төрт-Күл суу сактагычы толтурулат.

Аталган мезгилден бери Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун суу чарбасы тарабынан эксплуатацияланып келет.

28 –апрель күнү түшкө жуук Тажикстан жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү станциясынын жанындагы электр мамыларына видео көзөмөл камераларын орнотуп баштаганда кыргыз чек арачылары токтотуп калышкан .Бир нече сааттан кийин эки өлкөнүн ар биринен 30 -40дай адам чогулуп, бири – бирине таш ыргытып, кырдаал курчуган.

29-апрелге карата акыркы маалыматтар боюнча кыргыз-тажик чек ара чатагынан 17 адам жабыркап, 1 адам кайтыш болду.

Архивдик сүрөттөр.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты