Баткенде бир киши жарадар болду

  • 3 года мурун

Бүгүн, 29-апрелде, эртең менен саат 05.45 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө тажик жарандары тарабынан ок атуучу курал менен ок атылды. Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле ошол айыл аркылуу өтүүчү Ош-Исфана жолунун боюнда жайгашкан Тажикстандын Майский айылы тараптан жолдон өткөн автоунааларга таш ыргытылып баштаган.

Бул факты Баткен РИИБи тарабынан жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишке алынган.

Тажик тарап аткан октон Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30жаштагы тургунунун оң көзүнө ок тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага түшкөн.

Бул жагдай Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39/130-беренеси (киши өлтүрүүгө аракет кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Азыркы учурда Көк-Таш айыл элинин коопсуздугун сактап, абалды турукташтыруу максатында милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

28 — апрелде түшкү саат 11.30дарда Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү станциясынын жанындагы электр мамыларына тажик тарап видео көзөмөл камераларын орното баштаган.

Сүрөт: Баткен ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты