Сыймык Жапыкеев облустук прокурор башчылыгынан баш тартты

  • 3 года мурун

Мындан 1 ай мурун, 30-мартта Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган Сыймык Жапыкеев бүгүн кызматтан өз эрки менен баш тартканын «Азаттыкка» кабарлады.


Аталган медиага Сыймык Жапыкеев “Бүгүн жаздым Башкы прокурордун иш бөлмөсүнө кирип. Экөөбүз сүйлөшүп отуруп “Алгылачы жумушуңарды” дедим. Көңүл жатпайт иштегенге. Өзүм иштегим келбей калды” – деген.

.

Эске сала кетсек, жакында эле Сыймык Жапыкеев маалымат агенттиктердин бирине кенен маек берип, Президент Садыр Жапаровдун ишинде кемчиликтер көбүрөөк кете баштаганын, премьер-министр Улукбек Марипов эч иш кылбаганын, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошунду дарылоо үчүн колдонуп жатканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигин айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты