Бексултан Жакиев элге кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөттү

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени жана Даңк медалынын ээси Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Коштошуу зыйнатына Президенттин атынан аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытов, премьер -министр Улукбек Марипов, өкмөт мүчөлөрү, белгилүү коомдук- маданий ишмерлер, жакындары жана жалпы коомчулук катышты.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.

Даңктуу өмүр таржымалы

Бексултан Жакиев 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган.

Эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында редакторлуктан баштаган. 1963-1968-жылдары Кыргыз ССРинин маданият министрлигинде, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССРинин мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, 1988-1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору кызматтарын аркалаган. Ошондой эле 1994-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

Бексултан Жакиев «Атанын тагдыры» аттуу алгачкы драмасы менен адабияттын астанасын аттаган. «Атанын тагдыры» аттуу чыгармасы менен автор кыргыз адабиятына, театр жаатына жаңы дем, жаңы мазмун, ой киргизип, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Ушул күнгө чейин аталган драма кыргыз улуттук академиялык драма театрында 500дөн ашык жолу, ал эми Казакстандын Алматы, Чымкент, Жамбыл, Семей театрларында 300дөн ашык жолу кайра-кайра коюлган. «Атанын тагдыры» драмасы боюнча опера (В. Гусев), «Саадак какты» драмасы боюнча балет (Э. Жумабаев) коюлган.

Бексултан Жакиевдин адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган курч жана актуалдуу, жашоонун чындыгын ачып берген «Миң кыял» (1964), «Алтын аяк» (1967), «Өкүм (1972), «Эртең — жаңы жыл» (1975), «Жолугушуу» (1979), «Күттүргөн жаз да келээр» (1981), «Саадак какты» (1982), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (1989), «Жаза» (1990) жана башка драмалары да элдин сүйүп, издеп окуган чыгармаларына айланган. Мындан сырткары бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин да автору («Азамат Алтай», «Бороондуу жолдо» (1965), «Встреча в городе ветров» (1969).

Бексултан Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында бүгүнкү күндө да коюлууда.

Көп кырдуу талант катары белгилүү чет элдик жазуучулар Б. Брехттин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун драмаларын кыргыз тилине которуп, кыргыз котормо адабиятына чоң салым кошкон.

Коомдук ишмер, мекенчил жаран катары Б. Жакиев 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөчүлүк өнөрлөрү боюнча сунушу ЮНЕСКО тарабынан «Адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври» деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

Жакиев башында драматург катары таанылса, кийинки мезгилдерде, элди руханий кризис мөгдөтүп турган учурда публицистика аркылуу коомду агартууга өз салымын кошуп келаткандардын башкы сабында турган. Ал руханий жактан өткөөл учурду баштан кечирип жаткан кыргыз элинин кыйчалыш мезгилинде көсөмдүк, даанышман жактары менен айырмаланып, коомчулуктагы болуп жаткан жат көрүнүштөргө үн кошуп, ак сакал катары өмүрүнүн акырына чейин акыл насаатын айтып келди. «Бизге кур намыс эмес, ар намыс керек» деген сыяктуу макалалары Бексултан Жакиевди өзүн драматург гана эмес, публицист катары да көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Баатыры катары өзүн коомго, мамлекетке керектүү адам экендигин далилдей алды.

Белгилүү драматург, кинодраматург, публицист жана жазуучу, коомдук жана саясий ишмер, кыргыздын даанышман адамы Бексултан Жакиев өмүр, чыгармалык жолунда мамлекет алдында жасаган иши жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын Баатыры», III даражадагы «Манас» ордени, «Даңк» медалы, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын, Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыгынын, Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты жана Казакстан Республикасынын «Астана» медалдары менен сыйланган.

Бексултан Жакиев улутка кызматкы кылуунун үлгүсүн көрсөткөн, нарктуу-барктуу инсан эле.

Кыргыз эли даңктуу уулунун элесин эч убакта унутпай тургандыгы баса белгиленди.

Сүрөт: Маданият министрлиги.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты