​«Ала качуу» боюнча жоопкерчилик күчөтүлөт

  • 3 года мурун

Сот-укуктук реформанын алкагында кодекстерди жакшыртуу боюнча Президенттин жарлыгынын негизинде түзүлгөн жумушчу топ 26 — апрелде биринчи отурумун өткөрдү.

Отурумга катышкан башкы прокурор Курманкул Зулушев жарандарды ар кандай кылмыш жана жоруктары үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча төрт кодекс даярдалганын айтты.

Ошондой эле ал бул кодекстерде мыйзамдарды гумандаштыруу жагына да өзгөчө көңүл бурулганын, бирок «ала качуу» беренеси боюнча жоопкерчилик күчөтүлгөндүгүн кошумчалады.

Ушул айдын башында Айзада Канатбекованын өлүмү коомчулуккта өтө чоң резонансты жаратып, ала качууга каршы жоопкерчиликти күчөтүү талабы айтылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты