Улукбек Марипов: Ала качуу-кылмыш

  • 3 года мурун

Премьер-министр Улукбек Марипов кыздарды никеге мажбурлоо үчун ала качуу кылмыш экенин жана ал үчун жаза каралганын билдирди. Бишкекте Айзада Канатбекова уурдалып, өлтүрүлгөндөн кийин ушундай пикирин социалдык баракчасына калтырган.

«Биз биргелешип иш алып баруу менен гана аялдардын укуктарын коргоп, басмырлоого каршы тура алабыз. Ала качуу салт эмес — бул кылмыш болуп саналат жана биз муну өлкөбүздүн ар бир адамына жеткиришибиз керек», — деп бидирди Марипов.

«Бул иш-аракет адамга каршы жана аны актоого негиз жок», — деп кошумчалады ал.


5-апрелден бери дайынсыз болуп, изделип жаткан Айзада Канатбекованын сөөгү Бишкекте 7-апрель күнү табылган.

Бишкек милициясы кабарлагандай, аны уурдоого шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон.

Бишкектин криминалдык милициясы кызды уурдоого шек саналгандардын бирөөнү кармады, дагы экөө изделүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты