Кыргызстандын карызы 5 млрд. долларга жетейин деп калды
- 3 года мурун
Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына караганда Кыргызстандын карызы февраль айынын акырына карата 4 млрд. 948 млн. 57 миң долларды түздү. Сомго айландырганда 419 млрд. 391 млн. 28 миң сом.
Мунун 85,1 пайызы же 357 млрд.1.92 млн. сому — тышкы карыз.
2021 – жылдын биринчи чейрегинде карыздарды тейлөөгө мамлекеттик бюджеттен 8 млрд. 101 млн. 83,5 миң сом жумшалды. Анын көбү, тагыраак айтканда 5 млрд. 382 млн. 952,4 миң сому, тышкы карызды төлөөгө кетти.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү