«Саясий кастыкты козутуу» тууралуу мыйзам биринчи окууда кабыл алынды
- 4 года мурун
Өкмөт «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуштап, Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алып берди.
Ал өзгөртүүлөр боюнча Жазык кодексине жана Жазык – процессуалдык кодексине терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүүнүн алкагында «Саясий кастыкты козутуу» жоопкерчилиги киргизилгени турат.
Бул мыйзам долбоорунун негиздеме-документинде:
«Акыркы күндөрү республика аймагында айрым диний – экстремисттик уюмдардын Кыргыз Республикасынын бүтүндүгүнө, мамлекеттик жана коомдук – саясий түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө багытталган Кылмыш жаза кодексинде көрсөтүлгөн кылмыштык ишмердүүлүгү байкалууда.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун 2017-жылдын 9-февралындагы конвенциясында «экстремизм», «экстремисттик акт» менен катар эле экстремиттик аракеттердин өзүнчө «саясий экстремизм» түрү каралган. Ушугу байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин учурдагы редакциясынын 314-беренесинин 1- бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизип, экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгү тууралуу түшүнүккө саясий кастыкты козутуу жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда» — деп жазылган.
Бийлик бул мыйзамды саясий каршылаштарына каршы курал катары пайдаланаары айтылып, жарандык коомдун кескин сынына кабылды.
Фото интернеттен алынды