COVID-19 илдетин 306 адам жугузуп, 4 адам каза болду
- 3 года мурун
Бир сутка ичинде Кыргызстан боюнча COVID-19 илдетине 305 адам чалдыкты.
Эң көп учур мурдагыдай эле Бишкек шаарында катталып, 203 адамга жуккан.
Чүй областында – 52;
Ош областында – 11;
Ош шаарында – 5;
Ысык-Көл областында – 16;
Жалал-Абадда – 10;
Баткенде -4;
Нарын областында 4;
Талас областында 1 учур катталган.
Оору 9 медицина кызматкерине да жуккан. Коронавирустан сутка ичинде 4 адам кайтыш болуп, былтыр март айынан бери бул илдеттен каза болгондордун саны 1 миң 51 адамга жетти. 1 309 адам бейтапканаларда, 1 390 адам үй шартында дарыланууда. 307 адам оор абалда, 52 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү