Марлен Маматалиевден «мандаттык эстафета»
- 4 года мурун
Бишкек шаардык кеңешине өткөн партиялардын катарындагы «Ынтымак» партиясынын лидери Марлен Маматалиев партиялаштарынын ортосундагы мандат бөлүштүрүү маселеси боюнча «Азаттыкка» берген маегинде: «Бир мандатты эч ким толук алган жок. Бир мандат — 2000 добуш. Демек, бир жылдан алмашышат. Канчанчы тизмеде болбосун партия мүчөлөрүнүн кайсы бир бөлүгү депутат болсо деп жатам» — деди.
Эске сала кетсек, «Ынтымак» партиясы шайлоочулардын 8,3 пайыз добушуна ээ болуп, шаардык кеңеште 6 мандатка ээ болгон.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү