​Бир катар шайлоо тилкелеринде добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылды

  • 3 года мурун

Бир катар шайлоо тилкелеринде добуш берүү жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Бишкектеги аймактык шайлоо комиссиясына 10-14-апрель аралыгында шайлоочулардан, саясий партиялардан, «Жалпы иш» коомдук фондунан жана «Клооп медиадан» жалпысынан 54 арыз түшкөн. (Анын ичинен 16сы процедуралык мыйзам бузуу, 38и -жалпы добуш берүү боюнча).

Арыз жана даттанууларды карагандан кийин №1028, 1231, 1241, 1343, 1351, 1206, 1035, 1333, 1115, 1303, 1228, 1351 тилкелеринин төрагаларына эскертүү берилген.

Ал эми №1023, 1028, 1029, 1036, 1309, 1311, 1312 шайлоо тилкелеринде аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан имараттан сырткары жакта добуш берүү жыйынтыктары жокко чыгарылды. Ошондой элк участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан № 1051 жана 1157 шайлоо тилкесинде имараттан сырткары жакты добуш берүү жыйынтыгы жараксыз деп табылды.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты