Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү дагы 3 млрд. метр кубга азайса, ГЭС иштебей токтоп калат

  • 3 года мурун

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү уламдан – улам азайууда.

ЖК депутаты Абдывахап Нурбаев бул маселени көтөрүп:

«Күзүндө толук кандуу электр энергиясы менен камсыздай алабыз деп толук кандуу айта албайбыз. Ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдалануу боюнча эч бир иш жасалган жок. Электр энергиясына болгон таңкыстыктын айынан мамлекет инвесторлорго шарттүзүп бере албай жатат. Жер маселесин чечип, чакан ГЭСтерди курушубуз керек» — деди.

Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,587.04 млрд метр кубду түзүп, кызыл чекке жакындап калды. Суу сактагычтагы суунун максималдуу көлөмү 19,5 млрд. метр кубга жеткен. Нормалдуу көлөмү – 17,3 млрд. метр куб, суунун пайдалуу көлөмү 14 млрд. метр кубду түзөт. Ал эми суу сактагычтагы суунун көлөмү эң кооптуу делинген 5,5 млрд метр куб болгондо ГЭС иштебей токтоп калат.

Токтогул суу сактагычынын айланасында жашаган эл суунун аздыгынан ал жактагы эски мүрзөлөрдөгү адамдын сөөктөрү, эски үйлөрдүн пайдубалдары сыртка тчыгып калганын кабарлашкан.

Сүрөт интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты