Насыясын төлөй албай калган 15 аял өрттөнөбүз дешүүдө
- 4 года мурун
Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айылында жашаган 15 аял өзүн өзү өрттөөгө камынууда.
15-апрель күнү таңкы саат 6да жанына бензин, газ баллондорду алган аялдар айыл өкмөттүн имаратына киришкен. Алар пайызга алган насыяларын төлөй албай, 3 жылдык туумдарын кечип салууну талап кылышууда.
Учурда айыл өкмөттүн имараты курчоого алынып, Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Аламүдүн районунун администрация башчысы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Муну бөлүшүү