​Импорттолгон малдан алынуучу кошумча нарк салыгын жокко чыгаруу сунушталды

  • 3 года мурун

Эт азыктарына болгон бааны арзандатуу максатында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги сырттан ташылган мал жандыктарынан алынуучу кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Министрликтин билдиргенине караганда 2013-жылдан бери Кыргызстанда мал жандыктарынын саны өскөнү менен калкты эт азыктары менен толук камсыздоого жетише элекпиз. Кыргызстан өндүргөн эт азыктары калктын 59,3 пайызына гана жетет. Физиологиялык нормаларга ылайык элди эт менен толук кандуу азыктандыруу үчүн бул мыйзам абдан керек – дейт демилгечилер.

Эске сала кетсек, 2020-жылы сырттан ташылып келинген мал жандыктарына болгон кошумча нарк салыгынынан мамлекетке 42 миллион 19,2 миң сом түшкөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты