​Кыргызстан менен Тажикстанда күйүүчү майдын баасы күн санап өсүүдө

  • 3 года мурун

Энергетика жана өнөр жай министрлиги өлкөдө күйүүчү май дагы 10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. Жыл башынан бери Кыргызстанда мунай наркы күн сайын өсүп бензин 32 сомдон 45 сомго жетсе, дизел 40 сомдон ашты.

Парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 9-марттагы отурумунда энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айтмамат Кадырбаев күйүүчү май боюнча сандарга токтолду.

«Маалымат боюнча Орусиянын мунай заводдорунда 1 тонна бензин үчүн 100-150 долларга чейин көтөрүлөт. Демек, Кыргызстанда 7 сомдон 10 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Ал эми дизел заводдордо 40-60 долларга чейин көтөрүлсө, бул Кыргызстанда 3 сомдон 4 сом 80 тыйынга чейин жогорулашы мүмкүн дегенди түшүндүрөт».

Азыр Бишкектеги май сатуучу жайларда АИ-95 бензини 44 сом 90 тыйын, АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 42 сом 50 тыйын, АИ-80 36 сом 90 тыйын болууда. Дизелдин бир литри 40 сом 90 тыйындан сатылып жатат. Жалпы жолунан январь айынан тартып бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы 14% жогорулады.

Бул арада коңшулаш Тажикстанда да бензиндин баасы кымбаттап, 8,80 сомони (65,50 сомдун тегереги), алыскы аймактарында 9 сомониден сатылууда.

Евразиялык Экономикалык Биримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен Казакстанда күйүүчү май эң арзан өлкө болуп саналат. Кыргыз өкмөтүнүн 1-марттагы расмий маалыматына ылайык, Кыргызстанда — АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 40,9 сом болсо, Казакстанда – 31,5 сом, Орусияда – 50,5 сом, Беларуста – 56,7 сом, Арменияда – 61,5 сом деп эсептелди. Бирок бул өлкөлөрдө орточо айлык Кыргызстандан бир аз жогору экени белгилүү.

2025-жылы ЕАЭБ биримдиктеги өлкөлөрдө күйүүчү майдын баасын бирдей кылуу жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган. Кыргызстанда катталган автоунаалардын саны 1,5 миллиондон ашкан. Алардын дээрлик бардыгы күйүүчү майды керектейт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты