«Реформа» партиясы шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт

  • 3 года мурун

11-апрелде, “Реформа” саясий партиясы Фейсбуктагы баракчасына жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо бир катар мыйзам бузуу менен коштолгондуктан, шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдирди.

«Реформа партиясы 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт. Босого чегинен өткөн партиялардын дээрлик бардыгы шайлоочулардын добушун сатып алуу, үй комитеттерин, райондук кеңештерди, МТОнун өкүлдөрүн жана башка бийлик органдарын жарандарга кысым көрсөтүүсү аркылуу өтүштү«, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондорй эле, партия добуш сатып алуунун бардык фактыларын толук иликтөөнү, мыйзам бузуулар далилденип, кылмыш иштери козголгон партиялардын бардыгы үчүн добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылууда.

Белгилей кетсек, “Реформа” саясий партиясы БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча 6,04 %дык добушка ээ болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты