Премьер-министр Улугбек Марипов шайлоодо жана референдумда добуш берди
- 3 года мурун
Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо жана референдумда добуш берди.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Бишкек шаарындагы №40 орто мектептин имаратында жайгашкан №1032 шайлоо участкасында добуш берди.
Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелде өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шайлоо менен кошо президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлду.
Муну бөлүшүү