​»5 — каналдын» кызматкерлери башкы директордун кызматтан кетишин талап кылышууда

Мамлекеттик “5-каналдын” бир топ кызматкерлери мамлекет башчысына, өкмөт башчысына, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигине, мамлекеттик мүлк фонд жетекчилигине кайрылып, Рахат Сулаймановду башкы директорлук кызматтан бошотууну талап кылышууда.

Кайрылуу тууралуу Шайырбек Эркин билдирди:

-Бизге буга чейин жыл сайын мамлекеттик бюджеттен 20 миллион сом бөлүнүп келген. Бирок ал акча кызматкерлердин эмгек акысы үчүн бир жылга толук жетпей, калганы кошумча булактардан жабылчу. Быйыл жыл башында өкмөт тараптан бир жылга бөлүнгөн акчаны үнөмдөп жеткирүү менен оптимизация жасоо талабы коюлган. Ошол кездеги жетекчибиз Эрнис Кыязов коллективге бул үчүн штаттык кыскартууга баруу же бардык кызматкерлердин айлыгынан 10-20 пайыз кыскартууну сунуштап, жалпы жамаат эч кимди кетирбей эле эмгек акыдан кыскартууга макул болгон. Бул долбоор даярдалып, тиешелүү тараптарга сунушталып жаткан учурда жетекчибиз алмашып кетип, Эрнис Кыязовдун ордуна Рахат Сулайманов башкы директорлукка дайындалды.

Бирок жаңы келген жетекчибиз коллектив менен макулдашпай, эч кимге жарыялабай туруп, оптимизация долбоорун бекитип салган. Көпчүлүк кызматкерлер айлыгы алгач айтылгандан көп суммага кыскарып кеткенин маяна алганда гана билип отурат. Муну менен эле токтоп калбай, Рахат Сулайманов кайра экинчи жолу оптимизация жасап, айлыктар дагы кыскарат. Андан бир канча кызматкердин маянасы 30-40 пайызга азайып кеткен. Эки кыскартуу тең кызматкерлерге суммасын айтпай кол койдуруп алуу менен жасалган.

Бул жерде биздин конституциялык укугубуз жана эмгек кодексинин талаптары одоно түрдө бузулган “өзүм билемдик”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген кылмыш беренелеринин элементтери бар деп эсептейбиз.

Ошол эле учурда айлык азайганына байланыштуу 7-8 кызматкер жумуштан кеткен. Эгер коллективдин кызыкчылыгын ойлогон жетекчи болсо, айрым функцияларды бириктирүү менен кызматтан кеткен кызматкерлердин эсебинен экинчи кыскартуунун алдын алса болот эле. Рахат Сулайманов анткендин ордуна, эч кандай муктаждык жок болсо да аткаруучу директор, жооптуу редактор деген жаңы орундарды ачып, ага сырттан ТВда бир күн эмес, бир саат да иштебеген, тажрыйбасы жок, өз кишилерин алып келүү менен ири өлчөмдө айлык коюп берди, -деп айтылат кайрылууда.

5-каналдын жамааты каналдын башкы директору Рахат Сулаймановдун кызматтан кетишин талап кылышууда.

-Мындан тышкары биздин каналда бир күн да иштебей, бирок штаттык орунга кирип, айлык алып жүргөн адамдар бар экенин аныктадык. Бул “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине ылайык кылмыш иши. Андыктан ага тиешелүү органдар өз баасын берет деген ишеничтебиз.

Биз мыйзамды сыйлайбыз, баары мыйзам чегинде чечилишин каалайбыз жана иш процессин үзгүлтүккө учуратчу мыйзамсыз кадамдарга барбайбыз. Болгону сиздерден тез арада биздин маселени карап, калыс жана акыйкат жетекчи бекитип берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Эгер бул суранычыбыз жакын арада аткарылбаса анда иш таштоо, митинг-пикетке чыгуу сыяктуу нааразылык акцияларына барууга аргасыз болобуз, -деп жазды 5-каналдын жамааты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы басма сөз кызматынын башчысы Рахат Сулайманов мамлекеттик “Бешинчи каналдын” баш директору болуп 2021-жылдын январь айынын аягында дайындалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты