​Күйүүчү-майлоочу май апрелде дагы кымбатташы мүмкүн

  • 3 года мурун

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы (КНА) күйүүчү-майлоочу майдын апрель айында дагы 6-9% га көтөрүлүшүн болжолдоодо.

Алардын айтымында, мунайзаттын дүйнөлүк баасынын өсүшү 2021-жылдын 2-апрелиндеги маалыматтарга ылайык, Брент мунайынын баррели 65 доллардын тегерегинде. Мындан тышкары, Россиянын мунай заттарынын рыногунда болгон маалыматка ылайык, күйүүчү-майлоочу материалдардын дүң сатуу бааларынын өсүшү байкалууда.

Жергиликтүү май куюучу жайларда акыркы баалардын көтөрүлүшүн шарттаган кошумча терс фактор, АКШ долларына карата сомдун олуттуу девальвациясы болгонун белгиледи, анткени дүйнөлүк тажрыйбага ылайык, заводдордон мунай заттарын сатып алуу эл аралык деңгээлде жүргүзүлөт, ал эми сатуу Кыргызстанда сом менен жүрөт.

-Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен, апрель айында Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлар рыногунда бензин тобуна баалар болжол менен 6% га, дизелдик отунга — 9% га көтөрүлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда мунай сатуучу компаниялар кескин өзгөрүүлөргө жол бербөө саясатын улантууга ниеттенишүүдө, — деп айтылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты