​Нурбек Абдиев ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды

  • 3 года мурун

4-апрелде ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИМдин борбордук аппаратынын өздүк курамына ички иштер министринин жаңы орун басары, милициянын полковниги Нурбек Абдиевди тааныштырды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Буга чейин иштеп келген Мирлан Каниметов кызматынан бошотулган.
Нурбек Абдиев 1968-жылы 4-августта туулган. Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистигин аяктаган.Ички иштер органдарында 1999-жылдан бери кызмат өтөйт. Ички иштер органдарындагы кызматын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүндө кылмыш иликтөөнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү катары баштаган.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты