Журналист Жаркын Темирбаева менен коштошуу

  • 3 года мурун

Белгилүү журналист жана жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаркын Темирбаева Жаркын 3-апрелде 66 жаш курагында узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтты.

Жаркын Темирбаева 1955-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Тоо-Дыйкан айылында туулган.

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы КМУнун) кыргыз филологиясы факультетинде журналистика адистиги боюнча билим алган.

Журналисттик эмгек жолун Өзгөн райондук “Өзгөн нуру” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. Ал аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылган.

Жаркын Темирбаева 1990-жылдардан тарта “Азаттык” радиосунда эмгектенип, адам укуктары, аялдар укугу багытында адистешкен журналист катары калыптанган.

Ж.Темирбаеванын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов жана «Азаттыктын» ардагери Азамат Алтай менен маектери сыяктуу «Азаттык» обого чыгарган көөнөргүс маалыматтары эл эсинде калды.

Кийинчерээк Темирбаева «Зындан» аттуу эркин гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, инсандык бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган. 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу тарыхий эскерүүлөрдү жазган. «Жаныбек казы», «Ай ыйлаган түн» чыгармалары окурмандардын арзуусуна ээ болгон.

2010-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы ыйгарылган.

2013-жылы «Азамат Алтай» эл аралык коомдук фондунун сыйлыгын алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты