​Президент парламент менен бирге Жогорку соттун төрайымын кызматтан бошотту

  • 4 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотуу тууралуу сунушун бүгүн 31-мартта парламентке президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов жеткирген.

Сунушту 61 депутат колдоп берди, 4 депутат каршы болду.

Соттор кеңешинин тартип комиссиясыны 4-мартта Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Гүлбара Калиеваны «Жергиликтүү сот» долбоору боюнча коррупциялык ишке шектүү катары жоопко тартууга уруксат сурап, тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган.

Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе ал камакка алынарын айткан болчу.

Гүлбара Калиева бул айтылгандарды «негизсиз» деп билдирүүдө.

Быйыл 5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Гүлбара Калиеванын дагы бир доого кабылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, деп шек саналып жатканын билдирген.

Жогорку соттун басма сөз кызматы төрайымдын дарегине айтылган ал айыптарды четке каккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты