Тартип комиссиясы Жогорку сот төрайымы Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдук берди

  • 3 года мурун

Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы 4-мартта Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берди.

Жыйынга Калиева өзү келген жок. Анын өкүлдөрү төрайымдын ооруп жатканы тууралуу дарыгерлердин маалымкатын алып келишти. Гүлбара Калиева маселени кароонун мөөнөтүн ден соолугуна байланыштуу кийинкиге жылдырууну өтүнгөн.

Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү Үмүт Коңкубаева иштин создугуп жатканын айтып, мыйзамга ылайык баш прокурор Курманкул Зулушевдин өтүнүчүн токтоосуз кароону сунуштады. Соттор кеңеши маселени журналисттер жок жабык карап, өтүнүч канааттандырылды.

УКМКнын тергөөчүсү Замирбек Субаналиев Жогорку соттун төрайымы кылмыш кодексинин «Коррупция» беренеси менен шектелип жатканын айтты. Жыйынтыгында комиссия Гүлбара Калиеваны жоопко тартууга макулдук берип, аны кызматтан убактылуу четтетүүнү президент Садыр Жапаровго сунуш кыла турган болду.

Башкы прокуратура Гүлбара Калиеваны «Жергиликтүү сот» долбооруна байланыштуу коррупциялык ишти иликтөөнүн алкагында жоопко тартууга уруксат берүү өтүнүчү менен Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган.

Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер тартип комиссиясы макулдук берсе, ал камакка алынарын айткан.

Гүлбара Калиева бул айтылгандарды «негизсиз» деп билдирген.

Быйыл 5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Гүлбара Калиеванын дагы бир доого кабылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, деп шек саналып жатканын билдирген. Жогорку соттун басма сөз кызматы төрайымдын дарегине айтылган айыптарды четке кагып, билдирүү тараткан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты