Танзанияда Президенттин тажыясында 45 киши каза болду

  • 3 года мурун

Танзаниянын президенти Жон Магуфулини акыркы сапарга узатуу зыйнатында жаралган адамдардын тыгынынан кеминде 45 киши каза болуп, дагы 37си жаракат алды.

21-мартта Додома шаарындагы Дар-эс-Салам стадионунда өткөн мамлекет башчынын тажыясы тууралуу африкалык ЖМКлар шейшемби күнү жазышты.

Жергиликтүү полиция Президент менен коштошууну каалагандар өтө көп болуп, айрымдары стадионду айланып өтө баштаганда тыгын жаралганын билдирди.

Жон Магуфули 17-мартта 61 жашында каза болгон. Бийлик марттын башынан бери эл алдына чыкпай калган Президенттин өлүмүнө жүрөк оорусу себеп болгонун кабарлаган. Оппозиция өкүлдөрү ал коронавирус жуктуруп алып, коңшу Кениядагы ооруканада дарыланып жатканын билдиришкен.

Жон Магуфули коронавируска байланыштуу өлкөсүндө карантин киргизбей, беткап тагынуудан баш тарткан. Ал COVID-19га каршы эмдөөнү келекелеп, дубаларга гана ишенүү керектигин айтып келген. Анын тушунда өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын расмий статистикасы жүргүзүлгөн эмес. Президент мындай позициясын «чет элдик илимге» ишенбей турганы менен түшүндүргөн.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты