​Коргоо министрлигиндеги дайындоолор

  • 6 лет мурун

Президент Садыр Жапаров кол койгон буйруктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду.

— Нурлан Кирешеев Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Акылбек Ибраев коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Алмазбек Карасартов коргоо министринин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;

— Эрлис Тердикбаев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы болуп дайындалды;

— Руслан Мукамбетов коргоо министрлигинин түштүк-батыш ыкчам командачылыгынын командачысы болуп дайындалды.

Нурлан Чомоев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты