Жапон компаниясы 1 млн сомго Ысык-Көл ооруканаларына жеке коргонуу каражаттарын берет

  • 3 года мурун

Япониянын Pricer Bishkek IT компаниясы тарабынан 1 млн сомго Ысык-Көл облусундагы ооруканалар үчүн жеке коргонуу каражаттарын берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду

26-мартта, “Сорос-Кыргызстан” Фондунун кеңсесинде Япониялык Pricer Bishkek IT-компаниясы тарабынан, Ысык-Көл облусундагы ооруканалар үчүн 1 миллион сомго жеке коргонуу каражаттарды берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Жолугушууда Pricer Bishkek IT компаниясынын башкы директору Юя Комацу, эки өлкөнүн достугун чыңдоо үчүн жапон эли Кыргызстанга ар дайым көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал эми «Сорос-Кыргызстан» Фондунун аткаруучу директору Шамиль Ибрагимов коронавирус пандемиясы учурунда өлкө үчүн Япониянын көрсөтүп жаткан жардамдары маанилүү экенин белгиледи.

Жардам иретинде берилген жеке коргонуучу каражаттар Ысык-Көл облусунун төмөнкү медициналык мекемелерине берилет:Каракол шаарындагы облустук үй-бүлөлүк медицина борбору;

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы;
Аксуу жалпы практикалык дарыгерлер борбору;
Түп жалпы практикалык дарыгерлер борбору;
Балыкчы жалпы практикалык дарыгерлер борбору
Тоң жалпы практикалык дарыгерлер борбору;
Жети-Өгүз жалпы практикалык дарыгерлер борбору;
Ананьево жалпы практикалык дарыгерлер борбору;

Белгилей кетсек, 29-март күнү, саат 13:00дө, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратында, Ысык-Көл облусуна каражаттарын өткөрүп берүү боюнча жолугушуу болот.

Сүрөттөр: Гулиза Урустамбек кызы/ ПолитКлиника.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты