​Жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов дүйнөдөн өттү

  • 3 года мурун

24-мартта белгилүү жазуучу жана журналист Бекбай Алыкулов 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги билдирди.

Бекбай Алыкулов 1937-жылы 15-сентябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган.

Алгачкы «Фонарь» деген аңгемеси 1957-жылы «Жаш ленинчи» журналына жарыяланган. Ошондон баштап аңгеме-очерктери республикалык басма сөз беттеринде жарыялана баштаган.

“Аккуулар кайтып келатат”, “Балалык менен кездешүү” аттуу китептери жана көркөм, публицистикалык тандалма чыгармаларынын эки томдугу жарык көргөн.

1974-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган, 1999-жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген ардак наамга татыктуу болгон.

«Бекбай Алыкулов улутубуздун маданий жана руханий баалуулуктарын даңазалап, жаштарга тарбия берүүдө зор эмгек сиңирген инсан катары өмүр сүрдү. Адамгерчилиги бийик өз кесибинин мыкты адиси болгон жазуучу жана журналист Бекбай Алыкуловдун үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакын калемдештерине көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз» деп билдирди министрлик.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты