Айылдык кеңеш депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады

  • 3 года мурун

Айылдык кеңеш депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо 21-мартта аяктады.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Республика боюнча 420 айылдык кеңештеги 7 560 мандатка 18 772 талапкер катталды, анын ичинде 5 300 талапкер – аялдар.

63 талапкер саясий партиялар тарабынан көрсөтүлдү, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр болуп саналат.

Республика боюнча бир мандатка 2,5 талапкер ат салышууда.

420 айылдык кеңешке шайлоо 2021-жылдын 11-апрелинде өтөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты