​COVID-19: 115 учуру катталды. 2 киши каза тапты

  • 3 года мурун

24-мартка карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 115 учуру катталды. Мурдагыдай эле Бишкек шаарында жана Чүй облусунда салыштырмалуу көп катталууда.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 66;
Ош – 2;
Чүй облусу – 42;
Ош облусу – 0;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 0;
Баткен облусу – 0.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 65 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 84 339 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 87 652 кишиге жетти.

Коронавирустан 2 киши каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1492 кишиге жетти. (Расмий такталып чыккандан кийин).

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты