Шайлоочулар алдын ала тизмени тактоо боюнча 27-мартка чейин кайрылса болот

  • 3 года мурун

Референдумга карата шайлоочулардын алдын ала тизмесинен тизмени тактоо боюнча шайлоочулар 27-мартка чейин участкалык шайлоо комиссиясына кайрылса болот.

Бул тууралуу БШК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан референдум катышуучуларынын алдын ала тизмеси түзүлүп, БШКга өткөрүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси 15-мартта «Тизме» шайлоочуларынын мамлекеттик порталында — https://tizme.gov.kg/ жайгаштырылган.

Алдын ала тизмедеги катышуучулардын саны- 3 597 476 жаран, анын ичинен 1 721 153 эркек, 1 876324 аял же 47,84% жана 52,16%.

10-январда өткөн Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу шайлоочулардын тизмесине жана референдумдун катышуучуларынын тизмесине салыштырмалуу өсүш 33 902 шайлоочуну түздү.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары 48 шайлоо участогу түзүлдү, 15-мартта жайгаштырылган алдын ала тизмеде референдумдун катышуучуларынын саны 54138 жаранды түздү.

«Тизме» шайлоочулардын мамлекеттик порталында — https://tizme.gov.kg/;

— өзүңүздүн шайлоо участогуңузда;

— паспортуңузда көрсөтүлгөн ПИН-номуруңуз менен 119 номуруна чалып же SMS жөнөтүү менен (акысыз) шайлоо участогуңуздун номурун жана дарегин аласыз.

Эгерде шайлоочулардын тизмесинен кандайдыр бир ката же так эместик табылса, анда 27-мартка чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына паспортту (ID-card) көрсөтүп, анын көчүрмөсүн арызга тиркеп, шайлоочулардын тизмесиндеги маалыматтарды тактоо жөнүндө арыз менен кайрылуу керек.

Шайлоо участогунда арыз бергенде, шайлоочу биометрикалык идентификациядан милдеттүү түрдө өтөрүн БШК эскертти.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргѳн Кыргыз Республикасынын 18 жашка чыккан жараны тышкы иштер маселелерин тескеген мамлекеттик органдын (КР элчиликтери, консулдуктары) консулдук эсепке (убактылуу консулдук эсепке) эсепке туруу жана биометрикалык идентификациядан өтүү жолу менен референдумдун катышуучуларынын тизмесине киргизилет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында (калкты тейлөө борборлорунда, паспорт столдорунда жана ЗАГС бөлүмдөрүндө) биометрикалык каттоодон өтүп же паспорттук маалыматтарыңызды жаңырта аларыңызды БШК эскертет.

Конституция долбоорун кабыл алуу боюнча референдум 11-апрелде өткөрүлөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты