​Чек ара маселеси боюнча Ташиев Ташкент шаарына учуп кетти

  • 3 года мурун

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 22-мартта Ташкент шаарына учуп кетти. Анда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөр жүрөт.

Иш сапардын жүрүшүндө, ошндой эле 24-25-мартта кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болот.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүк комиссиялар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган участокторун делимитациялоо маселесин талкуулашат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты