СOVID-19: 98 учуру катталды

  • 3 года мурун

18-мартка карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 98 учуру катталды. Бул мурунку күндөн 43 учурга көп. Негизинен Бишкекте жана Чүй облусунда салыштырмалуу көп катталуула.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 49;
Ош – 1;
Чүй облусу – 36;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 0;
Баткен облусу – 0.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 51 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 84 031 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 87 143 кишиге жетти.

Каза болгондор катталган жок.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты