​Бир айга камалган активист Тилекмат Куренов ачкачылык кармай турган болду

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 16-мартта активист Тилекмат Кудайбергенов(Куренов) бөгөт чарасын карады. Сот процесси жабык өттү.

Сот активистти бир айга №1 тергөө абагына камоо чечимин кабыл алды.

Ал сот залынан милиция кызматкерлеринин коштоосунда чыгып баратып нааразылык иретинде ачкачылык кармай турганын билдирди:

«Бүгүн 16.00дөн тартып мен толук ачкачылык жарыялайм» деди активист.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы активист Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип жаткандыгын билдирген.

Шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан маалыматта «бул факт жазык кодексинин 310-беренеси, («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды» деп жазылган.

Тилекмат Кудайбергенов Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Ал былтыр декабрь айында Нарындагы Жетим-Тоо темир кенин коргоо кыймылын түзгөндөрдүн бири жана аны жетектейт. Кыймыл Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү жана экологияны сактоону талап кылат.

Кудайбергенов акыркы учурларда Конституциянын жаңы долбоорун жана бийликти сынга алып келаткан. 9-мартта Бишкекте ал долбоорго каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митингди алып барган.

Айрым жарандык активистер Тилекмат Кудайбергеновго боштондукту талап кылып, бийликти эркин пикирин айткандарды куугунтукка албоого чакырууда.

Жетим-Тоо темир кенин иштетүүнү Садыр Жапаров президенттикке талапкер болуп жаткан маалда козгогон эле. Кийин ал учурдагы кыргыз өкмөтү темир кенин иштетүү идеясы «жаран Жапаровдун жеке пикири» экендигин билдирген болчу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты