​СOVID-19: Кыргызстанда чалдыккандардын саны 87 миңден ашты

  • 3 года мурун

17-мартка карата өлкөдө бир суткада коронавирустун 55 учуру катталды. Бул кечээкиден 18 учурга аз. Негизинен Бишкекте жана Чүй облусунда салыштырмалуу көп катталуула.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 30;
Ош – 2;
Чүй облусу – 13;
Ош облусу – 1;
Талас облусу – 0;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 0;
Баткен облусу – 0.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Коронавирустан өткөн суткада 56 киши айыгып чыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 83 980 киши болду.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 87 045 кишиге жетти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты